Обращение к журналистам и СМИ / ЖМКларга жана журналисттерге кайрылуу
Право на информацию – это базовое право каждого гражданина нашей страны. А задача журналиста – объективно доносить до читателя, зрителя и слушателя все, что происходит в нашей стране.
Сегодня в медиа-сфере республики сложилась тревожная ситуация. Растущее число угроз, нападений и даже убийств – тому подтверждение. Со дня убийства ошского журналиста Алишера Саипова прошло три года, а его убийцы так и не наказаны. В прошлом году, получив тяжелейшие травмы в результате избиения двумя сотрудниками милиции умер Алмаз Ташиев.
А 16 декабря неизвестные сбросили с 6 этажа жилого дома Геннадия Павлюка, предварительно связав ему скотчем руки и ноги. Через шесть дней, 22 декабря, он умер в больнице, так и не прийдя в сознание.
30 января исполнится 40 дней со дня гибели Геннадия Павлюка. Мы призываем все средства массовой информации и интернет сайты принять активное участие в акции его памяти: выпустить первую полосу газет и баннер с простым текстом: «ПОМНИМ! Прошло 40 дней со дня гибели журналиста Г. Павлюка». Макет полосы с текстом (для печатных СМИ) и баннеры (для интернет ресурсов) прилагаются.
Ваше участие в кампании – это дань памяти Г. Павлюка и выражение нашей корпоративной солидарности в вопросе обеспечения безопасности журналистов. Только на основе корпоративной солидарности мы вернем себе высокое звание журналиста, доверие и уважение к себе и к профессии.
АИРПП
Баткенский Ресурсный центр СМИ
Комиссия по рассмотрению жалоб на СМИ
ОО «Дом журналиста»
ОО «Жалал-Абатский центр журналистики»
ОО «Журналисты»
ОО «Региональная ассоциация журналистов»
ОФ «Институт Медиа Полиси»
ОФ «Центр информационного права»
ОФ «Центр поддержки СМИ»
Ошский Ресурсный центр СМИ
Представительство «Internews Network» в КР
Ресурсный центр СМИ «Нарын.KG»
Таласский Ресурсный центр СМИ
«Тамга news»
* * *
Маалымат алуу - бул биздин мамалекеттин ар бир жаранынын негизги укуктарынын бири. Ал эми журналисттин милдети – мамлекетте болуп жаткан окуяларды окурманга, көрүүчүгө, угуучуга чындыкты так жеткирүү.
Бүгүн өлкөбүздүн медиа тармагы кооптуу абалда. Журналисттерге болгон ырайымсыз коркутуулардын, уруп сабоолордун, өмүрүнө кол салуулардын саны барган сайын өсүп жатат. Оштук журналист Алишер Саиповдун киши колдуу болгонуна үч жылдын жүзү болду. Бирок ушул күнгө чейин кылмышкерлер жазаланбай келет. Өткөн жылы, эки милиция кызматкеринен таяк жеп оор жаракат алган Алмаз Ташиев, ооруканада көз жумган.
Өткөн жылдын 16-декабрында Геннадий Павлюкту, белгисиз адамдар колу бутун таңып, 6-кабаттан ыргытып жиберишти. Журналист алты күн эсине келбей жатып, 22-декабрда көз жумду.
Урматтуу кесиптештер, 30-январда Геннадий Павлюктун өтүп кеткенине 40 күн болот. Биз сиздерди, Г. Павлюкту эскерүүгө арналган кампанияга катышууга чакырабыз. Кампанияда гезиттин биринчи бетин таза калтырып, “ЭСТЕН КЕТПЕЙТ. Павлюктун киши колдуу болгонуна 40 күн болду” деген бир гана сүйлөмдү жарыялоо, ал эми интернет сайты бар ЖМКлар ушул эле сүйлөм жазылган баннерди бир жумага жайгаштыруу каралган. Гезит бетинин макети жана банерлер тиркелген.
Силердин катышууңар – Г. Павлюкту, кесиптеш катары эскерүүңөр жана журналисттик коопсуздук маселесиндеги биримдигиңер. Биз биримдиктин негизинде гана журналист деген наамыбызды, өзүбүзгө жана кесибибизге болгон сый урматты кайтара алабыз.
“Internews Network” Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү
АИРПП
“ЖМКларды колдоо” коомдук фондусу
“Журналистика боюнча Жалал-Абаттык борбор” коомдук уюм
“Журналисттер үйү” комдук бирикмеси
“Журналисттер” коомдук бирикмеси
“Маалыматтык укук борбору" коомдук фонду
“Медиа Полиси Институту” коомдук фонду
“ММКларга даттанууларды кароо боюнча комиссиясы"
ММКларды колдоо Баткен ресурсттук борбору
ММКларды колдоо Ош ресурсттук борбор
ММКларды колдоо ресурсттук борбор “Нарын.KG”
ММКларды колдоо Талас ресурсттук борбору
“Региондук журналисттердин ассоциациясы”, коомдук уюм
“Тамга news”



